Ысык-Ата районунда мас айдоочунун айынан 7 жашар кыз жана анын таенеси каза болду
Ысык-Ата районунда мас айдоочунун айынан 7 жашар кыз жана анын таенеси каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 13-ноябрда SUPER.KG порталына Чүй ОИИББинин Патрулдук милиция башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, жол кырсыгы 12-ноябрь күнү саат 18:30 чамасында Кант шаарында болгон.
"7 жаштагы кыз апасы, таенеси болуп циркке барып кайра келе жатышкан. Ошол учурда айдоочу унаасы менен келип аларды сүзгөн. Кырсыктын кесепетинен 7 жаштагы кыз жана таенеси каза болду. Ал эми апасы ооруканага жеткирилди. Окуя болгон жерге Патрулдук милиция кызматкерлери барышып, айдоочуну кармашкан. Ал мас абалда болгон. Учурда убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө амалдары жүрүп жатат", - деп билдиришти Патрулдук милициядан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:47
2025-07-18

10:29
2025-07-18
15:33
2025-07-17
Рейтинг:
-1

Периштелерге антип жалаа жаппа
1.мас айдоочуларга штрафты кобойтсо,2.Айдоочулук куболукту узагыраак алып койсо,3.алкоголь ичимдитердин салыгын кобойтуп,баасын жогорулатып койсо,4.ТВде,мектептерде,жол эрежелери жана ичимдиктин зыяны тууралуу кобуроок айтышса ж.б