Бишкекте Жогорку Кеңештин депутаты Улан Чолпонбаевдин сөөгү жерге берилди (фото)










Бүгүн, 13-ноябрда Бишкекте Жогорку Кеңештин депутаты Улан Чолпонбаевдин сөөгү жерге берилди. Кырк жаш курагында дүйнө салган депутаттын сөөгү "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлду.
Бүгүн маркум менен коштошуу зыйнаты өтүп, ага маркумдун туугандары, Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков баштаган депутаттар, өкмөт башчы Сапар Исаков жана башка коомдук-саясий ишмерлер катышты.
Белгилей кетсек, 11-ноябрда Жогорку Кеңештин "Республика-Ата Журт" фракциясынан депутат Улан Чолпонбаевдин көз жумганы белгилүү болгон. Алдын ала маалыматтар боюнча, ал боордун циррозу менен ооруган. Депутаттын артында эки кызы калды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:08
2025-07-16
Рейтинг:
0

Жаткан жери жайлуу,топурагы торко болсун!
Мен маркумду акыркы сапарга узатууда видео, фото тартууларга каршымын...
Бул той эмес го, ары жак, бери жагынан отуп тартып, адамдардын кубанычын болушкудой....