super.kg logo

Биринчи жолу онлайн түрдө никеге арыз берген түгөйлөр күбөлүктөрүн алышты. Салтанатка Сапар Исаков катышты

 

Мамлекеттик кызмат көрсөтүү боюнча электрондук порталдын ачылышында онлайн түрдө никеге арыз берген түгөйлөр нике күбөлүктөрүн бүгүн, 13-ноябрда колдоруна алышты. Салтанат Бишкектеги Бакыт үйүндө өтүп, ага өкмөт башчы Сапар Исаков катышты.

Эске салсак, жогорудагы түйгөйлөр онлайн түрдө никеге арыз бергенде Сапар Исаков алардын тоюна баруу ниетин билдирген эле. Ошондой эле аларга белектерин берип биринчилерден болуп электрондук кызматты пайдаланган үй-бүлө экендигин белгилеген.

Ынакбек жана Жанара менен бирге дагы бир жуп онлайн түрдө никеге арыз беришкен. Алар алгач порталга катталып, андан кийин төлөмдү электрондук капчык аркылуу төлөшкөн.

Электрондук кызмат порталы мамлекеттик кызматтарды электрондук форматта пайдаланууга жол ачат. Ал "Таза коом" долбоорунун алкагында ишке ашырылып жатат. Аны пайдалануу үчүн идентификациялык электрондук карта (биометрикалык паспорт) алып, компьютерге атайын программаны көчүрүү керек.








 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
13.11.2017. 17:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Шумдук...Молдокени да онлайн чакырабызбы эми?))
13.11.2017. 18:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кийин иштебей калат Акаев менен Бакиев дагын Текабаев куноолуу болот.Эми монгулорду да онлайн арклылуу келишим тузуп буздуруп жок кылып корупция контрабанда да кылып барып катышып койгула биринчи жолу деп!!!!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: