super.kg logo

Бутунун саны жок төрөлгөн америкалык жашоочу сүйүктүүсүн таап, бактылуу жашап жатканын жарыялады

 

Американын 34 жаштагы Натан Хрдлика аттуу жашоочусунун бою 1 метр 37 сантиметр. Ал эки саны жок төрөлгөн дүйнөдөгү 25 кишинин бири. Анын тизелери дароо эле жамбаш сөөктөрүнө уланып кеткен.

Учурда 34 жаштагы Натан Хрдлика өзүнөн 30 сантиметрге узун жана 15 жашка кичүү Челси Стюарт менен бактылуу экендигин чет элдик маалымат булактарына билдирген. Алар интернет аркылуу таанышкан. Алгачкы жолу жолугушканда бойлорундагы айырмачылык көп эле көйгөй жаратат деп ойлошкон. Бирок убакыттын өтүшү менен бири-бирине көнүп, бул абал алар үчүн маселе эмес экендигин түшүнүшкөн.
Кыз-жигиттин айтымында, алар көчөдө жетелешип басканда көпчүлүктүн көңүлү бурулат, бирок көргөндөрдүн баары түгөйлөрдүн ортосунда чыныгы сүйүү жашай турганына ынанышат.

"Мен Челси менен бактылуумун, ал менен чогуу болсом бардык оорум унутулат. Мендей адамдар дүйнөдө 25 эле, бул мени өзүмдү уникалдуу сезүүгө түртөт. Мен бутумдун учу менен басам, андыктан көп басканда жан кейитип оорутат. Көчөгө чыксам көп адамдар таңыркап карашып, ар кандай суроолорду жаадырат. Ошондуктан сыртка көп деле чыккым келбейт", - деген Натан.

Ал эми Челси Натандын ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адам экендигин көп деле сезбей тургандыгын айткан.

"Биз интернет аркылуу таанышканда дароо эле тил табышып кеттик, бирок биринчи жолу жолукканда анын ден соолугуна байланыштуу көйгөйлөр болот деп ойлогом. Буга чейин бою өзүмдөн кыска болгон жигиттер менен жолугушкан эмесмин. Бирок биз бардык маселени ортого салып сүйлөшүп алгандан кийин мен Натан кандай болсо ошол бойдон кабыл алууга көндүм. Албетте, биздин мамилени жөнгө салууга убакыт, күч кетти. Бирок биз анын баарын артта калтырдык, азыр бактылуубуз", - деген ал.

Ошондой эле Челси алыс жактарга, жаратылышка эс алууга барганды жактырарын, бирок Натан алыс жолго баса албастыгын айтып, эс алууга достору менен өзү кетерин кошумчалаган.

Ошол эле учурда Натан Хрдлика ашыгынын камкордугуна ыраазычылык билдирген.

"Челси абдан камкор. Мен өзүмдү жаман сезе баштаганда оорубай калышым үчүн ал көп аракеттерди көрөт. Айрым учурда жылмайып койгону же жөн гана бир стакан суу алып келип бергени да менин абалымды жеңилдетет, жан дүйнөмө жылуулук тартуулайт", - деген ал.

Түгөйлөр Исландияда зер буюмдар менен соода кылууну жана реабилитациялык борбор ачууну пландаган.

"Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга жардам бергим келет. Айрымдар коомчулуктун ашыкча көңүл буруусунан да чүнчүп жашоодо кыйналышы мүмкүн. Мындан улам реабилитациялык борбор ачуу максатымды ишке ашырам", - деген Натан.

Натан Хрдлика

Натандын бала чагы, сүрөттө агасы менен






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
14.11.2017. 09:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Барына шугур деш керек туугандар...
14.11.2017. 11:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Бул да болсо Аллахымдын Берген сыноосу,бул сыноону канчалык оор болсода жене билуу керек,сабыр кылуу керек баарына.
14.11.2017. 18:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мына суйуу
18.11.2017. 23:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жонокой адамдар сиз менен биз майып болуп торолбогонубузго шугур кылып жашайлык
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: