super.kg logo
  Саясат  

"Республика-Ата Журт": "Өмүрбек Бабанов фракция лидерлигинен кетти"

 

Бүгүн, 13-ноябрда Жогорку Кеңештеги "Республика-Ата Журттун" катчылыгы тараткандай, фракциянын кезексиз жыйынында Өмүрбек Бабановдун лидерликтен кетүү чечими тууралуу билдирүүсү айтылды. Бабановдун чечимин жыйында аталган фракциядан депутат жана лидердин орун басары Талант Мамытов окуп берген.

"Өмүрбек Бабановдун айтымында, социалдык-экономикалык саясатты өзгөртүү жана мыйзам долбоорлорун ийгиликтүү ишке ашыруу үчүн партия менен фракциянын иши бирдиктүү жүргүзүлүшү керек. Буга байланыштуу Өмүрбек Бабанов фракция жетекчилигинен кетүүнү чечти", - деп жазылат катчылык тараткан маалыматта.

Фракцияга жаңы лидер фракциянын кийинки жыйындарында шайлоо пландалууда.

Эске салсак, 4-ноябрда Башкы прокуратура Өмүрбек Бабановго карата "Улуттар аралык кастыкты козутуу" жана "Конституциялык түзүлүштү күчкө салып өзгөртүүгө эл алдында чакырык жасоо" беренелеринин негизинде кылмыш ишин козгогон. Тергөө иштерин УКМК жүргүзмөкчү.

Ө.Бабанов өзүнө козголгон кылмыш иши "ойдон чыгарылган" деген пикирин айткан. Учурда анын Орусияда дарыланып жатканы айтылууда.

10-ноябрда "Республика-Ата Журт" фракциясы "Бабановго саясий кылмыш иши козголгонуна байланыштуу өлкөдө оор саясий абал түзүлдү" деген билдирүү тараткан.








 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: