super.kg logo
  Саясат  

Жалал-Абад. Мүмкүнчүлүгү чектелген балдар жана ата-энелердин "Мээрим" фондуна жардам көрсөтүлдү

 
Фонддогу мүмкүнчүлүгү чектелген балдар.
Балдар Манас эпосунан үзүндү айтып берип жаткан учуру.
Мээрим коомдук фондунун негиздөөчүсү, австриялык доктор Томас Вегеманга вице-мэр Гулзат Алимбаева ыраазычылык созу жазылган дплом тапшырып жаткан учуру.(оңдон солго)
120 миң сомго алынган аттын аты Баму.
Балдар Крнын гимнин ырдап жатышат.
31-майда Жалал-Абад шаардагы "Телтору" ат майданында 1-июнь - Балдарды коргоо күнүнө карата ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын жана ата-энелердин "Мээрим" фондуна жардам көрсөтүү иш-чарасы болуп өттү. Ага өкмөттүн облустагы өкүлүнүн орун басары Жумагүл Эгембердиева, вице-мэр Гүлзат Алимбаева жана башка мекеме-ишкана башчылары, ошондой эле ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын ата-энелери катышышты. Иш-чарага фонддун негиздөөчүсү, австриялык доктор Томас Вегеман да келип, балдарды ипотерапия жолу менен дарылап жаткандыгын айтат: "Ипотерапия - бул ат жаныбарынын жардамында дарылоо жүргүзүү. Кыргызстандагы жаш балдардын абалын көрүп, 2009-жылы "Мээрим" коомдук фондун негиздегенбиз. Ошол учурдан баштап балдарды ипотерапия менен дарылоону ишке ашырып келебиз. Буюрса, аттын жардамы менен көп балдар сакайып келе жатат. Учурда 120 миң сомго алынган ат балдардын басуу, кыймылга келүү жөндөмүн арттыруу үчүн кызмат кылууда". Иш-чарада өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгү 20 миң сом акчалай жардам көрсөтсө, шаардык мэрия жана башка мекеме-ишканалар акчалай жана материалдык жардамдарын тартуулашты. Иш-чара мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын майрамдык иш-чарасы менен коштолду. 
Эскерте кетсек, "Мээрим" фондунда жалпысынан 65 бала бар. Ал эми өкмөттүн облустагы өкүлүнүн орун басары Жумагүл Эгембердиева эртеңки майрамга карата облус боюнча 9 интернатка жалпысынан 90 миң сом акчалай каражат бөлүнгөнүн билдирди. 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: