super.kg logo

Бишкекте шайлоо системи талкууланууда

 

Бүгүн, 14-ноябрда Бишкекте "Кыргыз мамлекетиндеги шайлоо системи жана аны реформалоонун перспективасы" деген аталыштагы тегерек стол өтүүдө. Ага экс-депутаттар, укук коргоочулар жана юристтер катышууда. Анда шайлоо системиндеги көйгөйлөр жана аларды чечүү жолдору талкууланып жатат.

Укук коргоочу Динара Ошурахунова 15-октябрда өткөн президенттик шайлоодо мыйзам бузуулар болгонун, бирок ага эч кандай чектөөлөр каралбай калганын белгиледи. Анын айтымында, шайлоочулардын укуктарын бузган тараптарга чара көрүлүшү керек эле. Ошондой эле ал шайлоочулардын добуш берүүсү толук камсыздалбай калганына токтолду.

"Биометрикалык каттоодон өткөн жарандар кайсы жерде болбосун добуш берүүсүнө мүмкүнчүлүк бар болчу. Бирок андай болгон жок. Чет өлкөдө жүргөн канчалаган жарандарыбыз добуш бере албай калышты, кээ бири ишенимдин жоктугунан шайлоого барышкан жок. Ошол эле учурда көпчүлүк жарандар биометрикалык каттоодон өткөн эмес. Бул маселени чечүү үчүн бийлик тарабынан аракеттер көрүлбөй жатат", - деди Ошурахунова.

Андан сырткары шайлоочулардын талапкер тууралуу маалымат алуусуна бир ай жетишсиз экенин айтты. "Талапкерлер үчүн бир айлык шайлоо өнөктүгү жетиштүү, бирок шайлоочуларга бул мөөнөт жетишсиз болууда. Себеби толук маалымат алууга жетишпей калышууда", - деди ал.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: