super.kg logo

"Тоолор маанилүү" деп аталган эл аралык видеосынакта кыргыз режиссёру жеңишке жетип, Италияга жолдомо алды

 

Тоолор өнөктөшү секретариаты тарабынан жарыяланган "Тоолор маанилүү" аталышындагы эл аралык видеосынакта Кыргыздын жаш режиссёру Нурлан Анарбаев жеңишке жетти. Бул тууралуу секретариаттын өкүлү билдирди.

Маалыматка ылайык, сынакта "Тоолор басым алдында" деген темадагы кыскача видео жөнөтүү талабы коюлган. Эл аралык сынакка Улуу Британия, Франция, Перу, Хорватия, Бразилия, Кыргыз мамлекети жана башка өлкөлөр катышкан.

Нурлан Анарбаевдин 1 мүнөттүк кыска видеосунда тоолор, мөңгүлөр адамдардын аракеттеринин астында жоголуу коркунучунда тургандыгы баяндалган. Жеңишке жеткен Анарбаев эл аралык тоолор күнүнө карата Рим шаарында "Тоолор басым алдында: климат, жакырчылык, миграция" деп аталган сынакка катышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болду.

"Биздин өлкө эл аралык тоолор кыймылынын жаралышынын сап башында турат. Алгачкы Тоолор самитти Бишкекте өткөн, Кыргыз мамлекетинин демилгеси менен БУУ тарабынан "Эл аралык тоолор жылы" резолюциясы кабыл алынган. Мунун баары биздин кичинекей өлкөдөн башталып жатат. Кыргыз мамлекетинин Тоо кыймылынын лидери болууга мүмкүнчүлүгү бар. Менимче, биздин саясатчылар мындай мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбайт деп үмүт кылам", - деп жазган секретариаттын өкүлү билдирүүсүндө.

Айта кетсек, Эл аралык тоолор күнү БУУнун Башкы Ассамблеясынын чечими менен жыл сайын 11-декабрда белгиленет.






Керемет тоолорубуз тууралуу

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: