super.kg logo
  Саясат  

Алмамбет Шыкмаматов депутаттарды мыйзамды сыйлоого чакырды

 

“Ата Мекен” фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов депутаттарды мыйзамды сыйлоого чакырды. Бул тууралуу ал бүгүн, 14-ноябрда парламент комитетинин жыйынында билдирди.

Ал депутаттарга кворум жок жыйын өтүп жатканын айтты. “Комитеттин жыйыны кворум жок өтүп жатат. Мыйзамды сыйлайлы, "азыр уга берели анан добуш беребиз" деген туура эмес. 2016-жыл үчүн республикалык бюджеттин аткарылышы жөнүндө отчётту депутаттар жок уга берген болбойт. Мен жумурткадан кыр издеген жокмун. Бул маанилүү маселе болгондуктан депутаттардын катышуусунда угуу керек”, - деди Шыкмаматов.

Анда комитеттин төрагасы Канат Керезбеков кворум болуу үчүн бир эле депутат жетишпей турганын айтты. “Бир депутат азыр келет. Карай берели”, - деп Керезбеков жыйынды улантты.

Жыйынга 7 депутат катышып жатат. Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин курамында 18 депутат бар.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: