super.kg logo

Казакстан "Риха" компаниясынын продукцияларын алып келүүнү жана сатууну токтотту

 

Казакстан 2017-жылдын 10-ноябрында чыккан "Санитардык чараларды киргизүү менен эт азыктарын алып келүү жана сатууну токтотуу жөнүндөгү" токтомго ылайык "Риха" компаниясынын продукцияларын алып келүүнү жана сатууну токтотту. Маалыматты SUPER.KG порталына аталган компаниядан ырасташты.

Маалым болгондой, чектөө компаниянын бардык продукцияларына киргизилген. Компанияга токтом тууралуу билдирме келип түшкөн. Чектөө киргизилгенге чейин "Риха" компаниясы жумасына бир жолу Казакстанга продукцияларын экспорттоп жатканы белгилүү болду.

Айта кетсек, казак басылмалары Казакстандын Саламаттыкты сактоо министрлигинин Коомдук саламаттыкты коргоо комитетинин башчысы Жандарбек Бекшинге шилтеме берип чек арадан өткөн азык-түлүктүн сапатын кароо жана коопсуздук үчүн көзөмөл күчөтүлгөнүн жазышкан. Анда Кыргыз тараптын "Ак-Сүт", "РИХА", "Куликовский" жана "Эмилия" аттуу сүт, эт жана кондитердик азыктарын өндүрүүчүлөрдүн товарларын өткөрүүгө бөгөт коюу боюнча токтом кабыл алынганы кабарланган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(4)
14.11.2017. 12:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
жебесе ... жесин!
14.11.2017. 13:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
жон эле ЕАСке кошулуп алдык ошондон бери Дордойдо соода жок казактар бат бат келчу эми жок
14.11.2017. 15:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Казактардын товары негизи бизге коп кирет тоже жолун торош керек. Рахат деген казактардын кондитери Кыргызстанды каптаган.
14.11.2017. 17:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Обу жоктор
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: