super.kg logo
  Саясат  

Президенттик аппарат: "Жээнбековдун инаугурациясына 13 миллион сом жумшалбайт"

 

Маалымат желесине жаӊы шайланган президент Сооронбай Жээнбековдун инаугурациясына 13,1 миллион сом жумшалары жөнүндө маалымат тараган эле. Бул боюнча бүгүн, 14-ноябрда президенттик аппарат билдирүү жасады.

"Буга чейин маалымдалгандай, президенттик аппараттын башчысы Алмаз Үсөнов башында турган инаугурацияны уюштуруу комитети ишин баштаган. Иш-чаранын чыгымы бекитиле элек, азыркы тапта тийиштүү мекемелер менен макулдашуу процедурасы жүрүүдө. Каржы министри Адылбек Касымалиев 13-ноябрда Жогорку Кеӊеште аталган расмий иш-чараны өткөрүү үчүн бюджетте алдын ала каралган сумманы гана айтты. Президенттин жана өкмөттүн иш башкармалыгынын маалыматы боюнча, бул сумма бир топ аз болот деп күтүлүүдө", - деп айтылат маалыматта.

Бөлүнгөн акча инаугурация өтүүчү имаратты жасалгалоого, транспорт кызматтарына, жабдуулардын ижарасына, президенттин кызматка киришүүсүнө катышкан расмий адамдарды кабыл алууга, концерттик программага, басмакана кызматына жана башка иштерге жумшалары айтылды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -8 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: