super.kg logo

Кыргыз-Казак чек арасында абал өзгөрүүсүз. Учурда "Ак-Тилек" пунктунда 300дөй фура кезекте турат

 

Кыргыз-Казак чек арасында оор жүк ташыган унаалардын тыгыны өзгөрүүсүз абалда турат. Учурда Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы "Ак-Тилек" өткөрмө пунктунда 300дөй, Талас облусундагы "Чоң-Капка" өткөрмө пунктунда 100дөн ашык фура Казакстанга өтүү үчүн кезекте турат. Бул тууралуу 14-ноябрда SUPER.KG'ге Мамлекеттик чек ара кызматынын коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн өкүлү Салкын Абдыкариева билдирди.

"Ак-Жол" жана "Чалдыбар" өткөрмө пунктунда элдин тыгыны жок. Бирок "Ак-Жол" пунктунда 50гө жакын жеңил унаалар кезекте турат. Ал эми "Ак-Тилек" жана "Чоң-Капка" пункттарынан саатына алтыдан унаа өтүп жатат", - деди Абдыкариева.

Кыргыз-Казак чек арасындагы тоскоолдуктар 10-октябрда жаралып, ошол күндөн бери бир канча оор жүк ташуучу унаалар жүк алып өтө албай кезекте турган. Бирок 6-ноябрда кезек күткөн фуралардын саны 65ке түшкөн.

Өкмөт башчы Сапар Исаков 18-октябрда Астанага барып эки тараптуу сүйлөшүү жүргүзгөндөн кийин жүргүнчүлөргө жол ачылып, бирок жүк алып өтүү маселеси чечилген эмес. Ереван шаарында Евразия өкмөттөр аралык кеңештин алкагында маселени чечүү үчүн иштелип чыккан жол картага кол коюлмак. Бирок Казакстандын өкмөт башчысы Бакытжан Сагинтаев кол коюудан баш тартып койгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
14.11.2017. 16:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Райым бир тыйндын фуралары
14.11.2017. 17:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эски суротко
14.11.2017. 23:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Арыз-арманынарды АШАга айткыла, карапайым элдин убалына калган!!!
15.11.2017. 11:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Таластагы чон капка бекетинде 200дон ашык фура 100дой груз машиналар турат озум коруп кубо болдум элге аябай эле кыйын болду саатына бирден гана машина отуп жатат
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: