super.kg logo

Сокулук районунда үй куруу учурунда болгон кырсык боюнча кылмыш иши козголду

 

Сокулук районунда үй куруу учурунда болгон кырсык боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу маалыматты SUPER.KG порталына Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз катчысы Нурбек Токтосунов тастыктады.

Анын айтымында, Кылмыш-жаза кодексинин 142 (эмгекти коргоо эрежелерин бузуу) жана 236 (кен, курулуш, жарылуу коркунучу бар же башка жумуштардын коопсуздук эрежелерин бузуу) беренелери боюнча кылмыш иши козголгон.

Ошондой эле Нурбек Токтосунов крандын айдоочусу кармалып, Сокулук РИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилгенин кошумчалады.

Айта кетсек, 10-ноябрь күнү Новопавловка айылынын Деповская көчөсүндөгү 28-үйгө автокран плита коюп жатып тросс үзүлүп кетип, коңшу жайгашкан №30-турак үйдүн үстүнө плита түшкөн. Кырсыктын кесепетинен 5 адам (1 эркек, 3 аял, 1 жаш кыз) жабыркап, 1 аял каза болгон. Жабыркаган 4 адам туугандары тарабынан Бишкек шаардык №4-ооруканага жеткирилген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
14.11.2017. 16:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кыздын омуру не болду? Кранды башкарганда жоопкерчилик болуш керек да, болот же болбойт деп, крандын кызматы кымбат бир которгону баланча сом. Эми жооп берсин. Бей куноо уйундо чай берип, чай ичип журуп каза болгонду элестет. Кошуна болуп айтса болмок азыр кран ищтеейт депчи.. Эх..
14.11.2017. 16:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жайы жаннаттан болсун. Оомиин....
14.11.2017. 23:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айранды ичкен кутулат, челекти жалаган тутулат дегендей-, крановщикке заказ берген Адам комускодо калабы ошондо??
15.11.2017. 09:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Medina87,айтпа бети жоктор крановшикте эмне куноо байкуш барып ишин аткарганы болбосо бетондун ээси кайда уйдун ээсин айтышпайт ким акча берсе алар комускойдо кала береби
15.11.2017. 11:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Anikin83, Порталдын ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-комментарий жана талкуу иретинде жазылган билдирүүлөрдү сайттын жетекчилиги өчүрүү менен кошо колдонуучуну порталдан четтетиши мүмкүн. Сын-пикирлер portal@super.kg электрондук дарегине жазылып жөнөтүлүшү керек. Эскертүү!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: