super.kg logo

Ысык-Көлдө туристтердин акчасын, баалуу буюмдарын уурдоого шектелген эки адам кармалды

 

Ысык-Көлдө туристтердин акчасын, баалуу буюмдарын уурдоого шектелген эки адам кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 15-ноябрда Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, кылмышка шектүү катары кармалган 20 жаштагы Ж.Кубанычбек жана 17 жаштагы К.Талант Нарын облусунун тургундары.

"Шектүү катары кармалган адамдардын үстүнөн жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иш-чаралардын натыйжасында Орусия жана Казакстандан келишкен эс алуучулардын өздүк мүлктөрүн уурдагандыгы аныкталды. Алар тарабынан 26-июлдан 2-августка чейинки аралыкта жалпысынан 200 доллар, 478 миң тенге, 59 миң 600 рубль, 27 миң 690 сом жана Айфон-5С, Айфон-6, Самсунг үлгүсүндөгү уюлдук телефондор, банктык карточкалар уурдалган", - деп айтылат Ысык-Көл ОИИБинин маалыматында.

Айта кетсек, кылмышка шектүү катары кармалгандар Ысык-Көл РИИБинин убактылуу кармоочу жайына камакка алынган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: