Жалал-Абадда Июнь окуясында каза болгон милициянын майору Мыктыбек Сулаймановдун жаркын элесине арналган спорттук мелдеш болуп өттү
2010-жылдагы коогалаңда курман болгон Базар-Коргон РИИБинин аймактык тескөөчүсү милициянын майору Мыктыбек Сулайманов
2010-жылдагы коогалаңда курман болгон Базар-Коргон РИИБинин аймактык тескөөчүсү милициянын майору Мыктыбек Сулайманов
Мелдештин катышуучулары
Мыктыбек Сулаймановго куран окутулду
Мыктыбек Сулаймановго куран окутулду
Мыктыбек Сулаймановдун туугандары жана үй-бүлөөсүнө ИИМден акча тапшырылды
31-май күнү Жалал-Абад шаарында Жалал-Абад ОИИБинин башчысы, милициянын полковниги Малик Нурдиновдун демилгеси менен 2010-жылдагы Июнь коогалаңында курман болгон Базар-Коргон РИИБинин аймактык тескөөчүсү, милициянын майору Мыктыбек Сулаймановдун жаркын элесине арналган спорттук мелдеш болуп өттү. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз катчысы Жылдызбек Аттокуров билдирет. Спорттук мелдешке шаардык жана райондук ички иштер башкармалыктарынын командалары жана Базар-Коргон районундагы айыл өкмөттөрдүн командалары катышып, чуркоо, жаа атуу, волейбол жана башка оюндар боюнча күч сынашты. Иш-чаранын жүрүшүндө ички иштер министри Абдылда Суранчиевдин атынан М.Сулаймановдун туугандарына жана үй-бүлөсүнө 20 000 сом тапшырылды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
22:20
2025-10-31
8:20
2025-10-31
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















