Атамбаев: “Орус, казак басылмалары Кыргыз өлкөсү ЕАЭБди ураткысы келип жатат деп жазып жатышат. Бул калп”







Президент Алмазбек Атамбаев орус, казак басылмалары Кыргыз өлкөсү ЕАЭБди ураткысы келип жатат деп жазып жатышканын айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 15-ноябрда өлкөнү туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясы боюнча өтүп жаткан отурумунда билдирди.
“ЕАЭБге киргенибиз туура чечим болгондуктан андан чыкпайбыз. Бир айдан бери Казакстандын жетекчилигинин өзүм билемдиги үчүн биз башка өлкөлөрдөн, ЕАЭБден ажыратылган болуп турабыз. Мындай тоскоолдуктар Атамбаевдин ички саясатыбызга аралашпа дегени үчүн болуп жатат. Бизге башкалардын эрежесинин орнотулушунун кереги жок”, - деди ал.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:36
2025-07-17
19:12
2025-07-15
20:13
2025-07-14
Рейтинг:
8

