super.kg logo

Туризм департаменти: "6 ай ичинде Кыргыз өлкөсүнө 1,9 миллион турист келип, бюджетке 37 миллион сом түштү"

 

"Ушул жылдын жайкы туристтик сезону мыкты жыйынтыкталды. Мурдагы жылдарга салыштырмалуу бул жылы өлкөгө келген туристтердин саны өстү", - деди бүгүн, 15-ноябрда Туризм департаментинин жетекчиси Азамат Жаманкулов маалымат жыйында.

Жаманкуловдун билдирүүсүнө ылайык, өткөн жылдагы жайкы туристтик сезонго караганда ушул жылдын 6 ай ичинде өлкөгө келген туристтердин саны 349 миңге көп. Жарым жыл ичинде өлкөгө 1 миллион 900 миң адам чет мамлекеттерден эс алууга келген. Мунун натыйжасында мамлекеттик бюджетке салыктан 37 миллион сом түшкөн. Бул өткөн жылдын жарым жылдыгына салыштырмалуу 7 миллион сомго көп.

"Туристтик сезонго даярдануу иш-аракеттеринин алкагында Кыргыз жергебизге дүйнөгө аты чыккан блоггерлерди чакырганбыз. Алар жаратылышыбыз тууралуу тартып кеткен кыска, бирок сапаттуу видеолор дүйнөдөгү алдынкы сайттарга жайгаштырылды. Ошондой эле өлкөнүн атын таанытуу боюнча бир катар иштер жасалып, эл аралык туристтик жарманкелерде биздин өлкө татыктуу деңгээлде тааныштырылды", - деп билдирди Жаманкулов.

Мындан сырткары быйыл жаңы аба каттамдары ачылып туристтерге ыңгайлуу шарттар түзүлгөн. Жай мезгилинде өлкөгө келген туристтер кышкысын да келип, эс алып кетет деген үмүттөр бар экендигин кошумчалады ал.

Журналисттердин "Кыргыз-Казак чек арасындагы абал туристтердин келүүсүнө кандай таасир берип жатат?" - деген суроосуна департаменттин жетекчиси чек арадагы абал туристтердин санына эч кандай таасирин тийгизе элек деп жооп берди.

"Учурда келе жаткан кышкы туристтик сезонго даярдануу кызуу жүрүп жатат. Ноябрь айынын аягында департамент кышкы туристтик объектилердин даярдыгын текшерүүгө алат", - дейт Азамат Жаманкулов.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(3)
15.11.2017. 14:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Ишенгим келбейт кантип эле 37 миллион болсун анда ар бир турист 20 сомдон тыштаптырда окмотко?
15.11.2017. 14:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
37 млн доллар түшүрүш керек болчу, өз капчыгынарды ойлобой
15.11.2017. 15:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Өтө уят кантип 37 миллион сом түштү..
Алар бекер келип бекер кетиштиби? Же...кандай? Же биздин өлкө бекер өлкөбү
Эч мамлекеттик кызматтарды колдонгон жокбу түшүнүксүз айтоор.....эхх биздин иштебеген системалар....
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: