super.kg logo

"Музейдеги табылбай жаткан экспонаттар мындан 40-50 жыл мурда жоголгон" дейт адис

 

Борбордогу Михаил Фрунзе атындагы музейден бир канча экспонаттар жана Михаил Фрунзеге таандык буюмдар жоголгон. Бул маалыматты SUPER.KG порталына Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин Маданий мурастарды сактоо жана өнүктүрүү башкармалыгынын башкы адиси Гүлбара Абдыкалыкова тастыктады.

"Бизге 2014-жылы борбордогу жалпы музейлерди текшерүү буйругу түшкөн. Ошондо Михаил Фрунзе атындагы музейден бир канча экспонаттар жок болуп чыккан. Бирок жоголгон буюмдарга өз-өзүнчө акт түзүлгөн экен, анда экспонаттар 1960-1980-жылдар аралыгында жоголгону жазылган. Ага карабастан 2015-жылдан тарта териштирүү иштери жүрүп, ушул жылы кылмыштуу курамдын жоктугуна байланыштуу тергөө токтотулган", - деди ал.

Ал эми аталган музейдин сактоо бөлүмүнүн жетекчиси Гүлмира Таабалдиеванын айтымында, музейден жалпысынан 104 экспонат жоголгон.

"Мен бул кызматка 2015-жылы келгем. Ошол кезден тарта музейдеги экспонаттарды териштирип, изилдөө иштери жүрө баштаган. Көрсө, буга чейин бир да жолу текшерүүдөн өткөн эмес экен. Жыйынтыгында, 104 буюм-тайым жок болуп чыккан. Анын арасында сааттар, тарыхый сүрөттөр, медалдар жана башка экспонаттар бар. Жоголгон буюмдардын баарынын болбосо да, көбүнүн акт жана түшүндүрмө кагаздары табылган. Натыйжада алар 1960-жылдан 1984-жылга чейин жоголгондугу аныкталган. Мындан улам биз алгач Маданият, маалымат жана туризм министрлигине кайрылганбыз. Алар бул ишти Биринчи Май РИИБине тапшырышкан. Кийин эсептик палата, каржы полициясы да аралашып, жыйынтык чыкпаган соң ушул жылы тергөө иштерин токтотушкан", - деди ал.

Белгилей кетсек, буга чейин Михаил Фрунзе атындагы музейден бир топ буюм-тайымдардын уурдалганы боюнча маалымат тараган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(7)
15.11.2017. 14:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Ошону озунор эле жок кылгансынарда
15.11.2017. 14:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Биз билбейбиз деп оозүңарды куу чөп менен аарчыбай,ошол убакытка чейин ким иштеген кимдер жоопкер болгон изилдеп тапкыла да.Жанакы бир кишинин буйругун аткарган күч струтуралары ушуга окшогонду иликтеш керек да.Текебаев Жапаро ж бларды соттогондон көрө ушуларды издеп таап жазаласа миң эсе сооп пайда иш болмок.
15.11.2017. 14:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Калп эле эски дата менен жасалма акт тузушту да...

СССР убагында тартип кучтуу болуучу, баары козомолдо болуучу... Жоголгон нерселер акыркы 5-15 жыл ичинде эле жоголгон... Элди алдагандан уялбайсынарбы?!!

1-2 жыл илгери Тарых музейин ремонттоо учурунда орт чыгып канчалаган экспонаттар талкаланып, куйгону куйуп кеткен... Экспонат уурдап ордун билдирбоонун бир жолу атайылап орт чыгаруу эмеспи!!! Ошол ортту шылтап коптогон экспонаттарды уурдап кетишти Тарых музейинен..
15.11.2017. 14:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Сатып буттунорго баардыгын эми ушул экспонаттар калдыбы сатпаганынар.
15.11.2017. 15:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Колтугундун жунун сат
15.11.2017. 15:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Былтыр да борбордук тарых музейинде өрт чыкты кылып,канчалаган баалу буюмдарды күйүп кетти кылып ташып алышты экен баалулуугуна карап.Болбосо тарых музейде неге өрт чыксын жөн турган буюмдардан,же мумия ысырык салды бекен.Ушуга окшогондорду табышмак кылбай издегиле,а так дагы 5 6 жылда музейиңер голяк калат.
15.11.2017. 20:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Оббоооо бизде карга карганын козун чокубайт мэн эч качан ишенбейм биздин органдарга кудай сактасын тфу тфу
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: