super.kg logo
  Саясат  

Алтынбек Сулайманов: “Шайлоо баары бир биз ойлогондой өтпөйт”

 

“Шайлоодо административдик ресурс жана добуш сатып алуу жоюлган жок”, - деп бүгүн, 15-ноябрда “Бир Бол” фракциясынын лидери Алтынбек Сулайманов өлкөнү туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясы боюнча өткөн отурумда билдирди.

Анын айтымында, өлкөдө шайлоо системи түп тамыры менен өзгөрдү. “Шайлоо системи өзгөрүп, башка бирөөнүн ордуна добуш берүү ыкмасы жок болду. Бирок көйгөйлөр бар. Шайлоо баары бир биз ойлогондой өтпөйт. Административдик ресурсту, добуш сатып алууну жоюунун үстүнөн иштеп чыгышыбыз керек”, - деди Сулайманов.

Сулайманов президент Алмазбек Атамбаев кийинки муунга үлгү болгонун белгиледи. “Референдум өткөндө Атамбаевдин мөөнөтүн узартып алууга мүмкүнчүлүгү бар болчу. Бирок ал тынчтык жолу менен кызматын өткөрүп берип жатат. Биз ыраазычылык билдиребиз”, - дейт Сулайманов.

Айта кетсек, бүгүн 2040-жылга чейин өлкөнү туруктуу өнүктүрүү стратегиясы боюнча чечимдин долбоору кабыл алынды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 5 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: