super.kg logo

Алмамбет Шыкмаматов сотто аялынын унаасы кантип сатылганын айтып берди

 

Бүгүн, 15-ноябрда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда Жогорку Кеңештин депутаты Алмамбет Шыкмаматовдун иши боюнча соттук отурум уланууда. Анын жүрүшүндө Шыкмаматов суракка алынып, аялынын унаасы кантип сатылганын айтып берди.

Мен Эсептөө палатасынын аудитору болуп 8 ай иштедим. Ошол учурда 9 аудитордун бешөөнө жаңы унаа сатып алуу үчүн Каржы министрлигинен 4 миллион сом бөлүнгөн. Биз, аудиторлор кеңешип, арзаныраак унаа сатып алууну чечтик. Бизге Тойота Камри, Киа үлгүсүндөгү унаалар сунушталган. Анан мен сентябрь айында Москвага окууга кеткем. Ошол учурда унааларды сатып алуу үчүн тендер жарыяланыптыр.

Кийин мага окуума акча керек болуп калып, аялымдын унаасын саттык. Унааны Москвада жүргөндө айдоочум Али Юкселдин фирмасына 13,5 миң долларга сатыптыр. Октябрь айынын башында Москвадан келип, Юкселден мен акчаны алып кеткем. Андан соң кайра Орусияга барып, окуумдун акчасын төлөп келдим.

Чынында мен Али Юкселдин фирмасы кандай экенин деле билбейт болчумун. Аны тергөөдө тааныдым”, - деди Шыкмаматов.

Эскерте кетсек, Шыкмаматов жеке кызыкчылыгын көздөп, аялынын Мерседес Бенц Е320 үлгүсүндөгү унаасын кымбат баага сатуу үчүн "Барат Люкс" ишканасын тендерге катышкандардын катарына кошууну демилгелеген деп айыпталууда. Шыкмаматов өзү бул ишти "саясий кысым" деп келет. Аталган тендерге 2 фирма катышып, 2011-жылы 5-октябрда жыйынтыкталган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
15.11.2017. 16:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эптеп камаш керек болуп жататда
15.11.2017. 16:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эгер куноосу болсо жооп берсин башкаларга сабак болот. Атамбаев текшер баарын атасынын гору, ойлонсун башка жегичтер. Баары бир бир куну бироо чыгыш керек эле текшере турган.
15.11.2017. 16:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Калп эле олумуш болуп билбей калат шыкмаматтын баласы
15.11.2017. 23:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эхх адам зат эч нерсе бизге жакпайт.Шыкмаматов ак милондорду жегендерди эмне учун кармабайт ошол жагы тушунуксуз алар кот жаламайларыбы
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: