super.kg logo

Боинг кырсыгынын кесепеттерин жоюуга коротулган 30,5 миллион сом Түркия тараптан келген компенсациянын эсебинен мамлекеттик мекемелерге кайтарылат

 

2017-жылдын 16-январындагы Боинг авиакырсыгынын кесепеттерин жоюуга коротулган 30,5 миллион сом Түркия тараптан келген компенсациянын эсебинен мамлекеттик мекемелерге кайтарылат. Бул тууралуу каржы министри Адылбек Касымалиев Жогорку Кеңештин бюджет жана финансы боюнча комитетинин 14-ноябрдагы жыйынында билдирди.

"20 миллион 472 миң сом Саламаттыкты сактоо министрлигине, 9 миллион 432 миң сом Өзгөчө кырдаалдар министрлигине, 284 миң сом Ички иштер министрлигине, Транспорт жана жол министрлигине 293 миң сом кайтарылат. Ошондой эле Өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнө 100 миң сом кайра төлөнүп берилет", - деди Касымалиев.

Айта кетсек, 2017-жылдын 16-январында Чүй облусунун Курулуш башкармалыгынын дачалары (Дача-СУ) аймагына түркиялык Боинг-747 учагы кыйрап, 39 адам каза болгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(5)
15.11.2017. 21:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ой элге,жабыр тарткандаргв берилбейби биринчи.
15.11.2017. 22:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кайра эле жеп жутаарлардын чонтогуно тушуптур да, азабын тартса карапайым калк тартты ,жакындарынан айрылды он гулунун бир гулу ачылбаган наристелерден айрылганы аз келгенсип устундо уйлору жок калышты. Берсин ошо карапайым элге уй тургузуп беришсин эмне себептен мекемелер алат алардын кандай тиешеси бар?
16.11.2017. 01:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Жепжутпай элге бербейби мекемелер өз ишин аткарганда издеп куткарып
16.11.2017. 02:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
ха ха ха ха ха ах хаха олдунор го тойбой жегиле ичкиле молодцы бул журушто жок болуп кетебиз го жеп жеп жеп качасынар го
16.11.2017. 10:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жабыр тартып,кан жуткандарга 3269 сом 50 тыйындан берип коюшат да,кайра жарымын налог деп алып коюшат.Болуп бердикпи бердик кылып коюшат...Ал компенсация элге бериле элек го,даже угула элек.А кузгун,тарпчы биздин бок курсактар уже мекемелерге болуп бере баштаганы эмнеси.Само собой откаттар,соломойлор башталат экен да.Элди уруп да ойношпойт сволочтор
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: