Ылдамдыгы чектөөсүз 40 ГБ интернет - О!нун жаңы тарифинде
О! мобилдик оператору 4G Wi-Fi Wingle же роутер аркылуу компьютерден же дароо бир нече түзүлүштөрдөн атайын интернетке чыгууну шарттаган жаңы «40ГБ Интернет» тарифтик планын сунуштайт.
Сиз болгону айына 850 сомго ылдамдыгы чектөөсүз 40 гигабайт интернетке ээ болосуз. Ошондой эле сизге мындан да тез интернет керек болуп калса, 3 ГБ жана 10 ГБ көлөмүндөгү кошумча “Турбобаскычтар” каралган.
Өлкөнүн бардык аймактарында жаңы тарифтик планды кошуу жана жогорку ылдамдыктагы интернет менен пайдалануу мүмкүн. Белгилей турган нерсе, абоненттердин туруктуу жана сапаттуу тез мобилдик интернетке болгон керектөөлөрү күн сайын өсүшү менен бирге, түйүндү жакшыртуу боюнча иштер да токтогон жок. Жылдын башынан бери оператордун адистери бүт өлкө боюнча төртүнчү муундун базалык станцияларынын санын эки эсеге көбөйтүштү, муну менен катар түйүндүн сыйымдуулугу да бир кыйла артты.
О! түйүнүнүн ичиндеги 4G интернеттин мүмкүнчүлүгүн максимум деңгээлде колдонуңуз. Өлкөбүздүн бардык аймагында жайгашкан О! сатуу жана тейлөө кеңселеринен же O!Storе дүкөнүнөн 4G роутер, 4G Wi-Fi Wingle сатып алыңыз. «40ГБ Интернет » тарифине ошол эле жерден же өзүңүздүн Жеке кабинетиңизден кошулсаңыз болот.
О! мобилдик операторунун ушул же башка тарифтеринин шарттары менен www.o.kg. сайтынан тааныша аласыз.
кошулду

Саламатсызбы, урматтуу «Соңку кабар» окурмандары! Кызмат көрсөтүүдө кетип жаткан ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайбыз. Биз сизге жардам берүүгө жана көйгөйдү чечүүгө аракет кылабыз. Сизден текшерүү үчүн номериңизди жана так даректи answer@nurtelecom.kg билдирүүнү өтүнөбүз. Деталдуу диагностика жүргүзүп, Сизге кайра байланышууга чыгууга даярбыз.
Терең урматтоо менен,
О! мобилдик оператору.
Саламатсызбы. Сиз айтып кеткен райондо байланыштын сапатын жана интернеттин ылдамдыгын жогорлотуу учун, бир нече айдын ичинде 4G базалык станцияны орноштурулат.
Урматтоо менен, О! мобилдик оператору.
Саламатсызбы. Сурооңузга рахмат. Сиздин районуңузга 3G базалык станция орноштуу компаниянын пландаштыруусунда жакынкы арада бар. Андан соң интернеттин ылдамдыгы жана байланыштын сапаты жогорлойт.
Урматтоо менен, О! мобилдик оператору.
Саламатсызбы. Сиз кайсы аймакта жашайсыз?
Урматтоо менен,
О! мобилдик оператору.
Азыркы учурда, Сиз айтып кеткен райондо базалык станцияны орноштуруу жакынкы арада пландаштырууда жок. Бирок бир нече айдын ичинде Сизге жакын Кызыл-Октябрь айылында техникалык иштер жургузулот.
Урматтоо менен, О! мобилдик оператору.
билайн мн мегаком акча алгандан башканы билишпейт
Биздин компанияга айтылган жылуу сөздөрүңүз үчүн ыраазычылык билдиребиз. Биз өзүбүздүн ишкердигибизди кардарлардын каалоолорун эске алуу принциптеринин негизинде жүргүзөбүз, жана Абоненттерден тилектеш сезимдерди алуу бизди абдан кубандырат! :)
Урматтоо менен, О! мобилдик оператору.