СУПЕРСТАН: "Троллейбуска отуруп, үшүгөнүмдөн сынып кала жаздадым"
SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Коомдук транспорт жана биз" деген тема талкууга алынган. Аталган тема мындан 6 жыл мурун ачылган, бирок анда айтылган айрым көйгөйлөр бүгүнкү күнгө чейин чечиле электигин байкоого болот.
Темадагы билдирүүлөрдөн:
"Троллейбуска отуруп, үшүгөнүмдөн сынып кала жаздадым. Эмне үчүн ичин жылытышпайт? Мамлекетке элдин акчасы эле керекпи? Коомдук транспортторго канчалаган адамдар, анын ичинде кары-картаңдар, жаш балдар отурушат. Жетчү жериңе жеткенге чейин ден соолугуңдан айрылчудайсың".
"Эгер колумдан келсе, Бишкек шаарыбызга метро, трамвайлар жүрүүчү жолдорду курат элем, эх-х..."
"Троллейбуска көп адам түшсө эле ичи бир заматта жылыйт, ал тургай ысый да түшөт. Ошондуктан көп-көп түшүп жүрөлү".
Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.



Алматыда жакында бир панча автобустар жаныланды, муну Алматыда мен сыяктуу жашап иштеп жаткан жердештерим тастыкташаар.
Биздин окмот элибиздин койгойлорун чечуунун ордуна оз комочторуно кул тартып журсо кайдагы жанылануу?!
кыргызстанга чогуу барып кыштайт экенбиз да))) бишкектин транспортуна ыраазымын жаны конуш курулуп мурунку конуштардын маршруткагаларын чоюп коюшуп тыгылып кетет. 5,6 жөн эле үшүп күтөсун. Ар бир конушка өзүнчө транспорт болсо жакшы болмок. Супер Инфо ушул мамеле боюнча чечип берсенер жакшы болмок