super.kg logo

Андижанда Казакстан, Өзбекстан жана Кыргыздын дин аалымдары кызматташууну жакшыртуу жолдорун талкуулашты

 

Өзбекстан Республикасынын Андижан шаарында "Ислам тынчтыктын жана боорукерликтин дини" аттуу эл аралык илимий конференция өтүп жатат. Ага Кыргыз мусулмандарынын муфтийи Максатбек Токтомушев жана Аалымдар кеңешинин төрагасы Абдышүкүр Нарматов баштаган дин аалымдары катышууда. Бул тууралуу 15-ноябрда муфтияттан билдиришти.

Конференцияда Өзбекстан, Казакстан жана Кыргыз мамлекеттеринин дин аалымдарынын келечектеги кызматташтыгы боюнча маселе талкууланды.

Алгач Өзбекстандын Дин башкармалыгынын муфтийи Усманхан Алимов иш-чаранын маанилүүлүгү жана кызматташууну жакшыртуу, тажрыйба алмашуу жаатында иш алып баруу зарылдыгына токтолду.

Муфтий Максатбек Токтомушев бул жолугушуу эки өлкө ортосундагы дин кызматкерлеринин тыгыз иш алып барып, тажрыйба алмашуусунда чоң өбөлгө болорун баса белгилеп, билим берүү, терс диний агымдардын алдын алуу жана Дин башкармалыктардын кызматкерлеринин биргеликте иш алып баруусун жакшырта турганын айтты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: