super.kg logo
  Саясат  

Кыргыз өлкөсү БУУнун Крым боюнча резолюциясына каршы добуш берди

 

Кыргыз мамлекети Крымдагы адам укуктары жаатындагы кырдаал боюнча Украина резолюциясынын долбооруна каршы добуш берди. Орусия бийлигине бир катар сунуштарды камтыган резолюциянын долбоору БУУнун Башкы ассамблеясына киргизилип, 14-ноябрда уюмдун тийиштүү комитетинде кабыл алынды. Орусия аталган документ боюнча добуш берүү жүргүзүүнү сураган. Долбоорду 71 мамлекет колдоп добуш берсе, 25 мамлекет каршы чыкты. Ал эми 77 мамлекет добуш берген жок.

Европа өлкөлөрүнүн көпчүлүгү жана АКШ резолюциянын долбоорун колдосо, Орусия, Кытай, Индия, Армения, Иран, Казакстан, Кыргыз Республикасы, Өзбекстан, Беларусь жана башка өлкөлөр каршы болушту.

Документте Крым жарым аралында адам укуктары тебеленип жатканы жүйө келтирилип, Орусия айыпталат. Резолюциянын долбоору эми Башкы ассамблеянын 72-сессиясында пленардык жыйында каралары күтүлүүдө.

Эскерте кетсек, 2014-жылы Референдум өтүп, жыйынтыгында Крым Орусиянын курамына кирген. Украина бийлиги Орусияны агрессор атап, Крымды тартып алганын, Донбасстагы согушчандарды курал жактан колдоп, аймакка аскер күчтөрүн жөнөтүп жатканын айтып айыптап келет.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: