super.kg logo

Депутаттар Салянованын инисинин өлүмү боюнча милиция иш алып барбай жатканын айтып, спикерди көзөмөлгө алууга чакырышты

 

Бүгүн, 16-ноябрда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында "Ата Мекен" фракциясынан депутаттар Аида Салянованын киши колдуу болгон инисинин өлүмү боюнча Ички иштер министрлиги тарабынан натыйжалуу иш жүргүзүлбөй жатканын айтышты.

Депутат Наталья Никитенко төрага Дастан Жумабековго кайрылып: "Мурдагы башкы прокурор, учурдагы биздин кесиптешибиз Аида Салянованын иниси Улан Салянов 6-ноябрда өз үйүндө куралчан адамдардын кол салуусунан каза болгон. Андан бери он күн өттү. Бүгүн Улан Саляновдун өлүмү боюнча эч кандай маалымат жок. Биз адам өмүрү баарынан кымбат экенин билебиз. Бул боюнча ыкчам иликтөө иштери жүрүшү керек болчу. Аида Салянова бир канча чуулгандуу иштерди караган коррупция менен күрөштө жүргүзгөн ишин билебиз. Салянованын өзүнө карата соттун чечими чыккан, жакын тууганына да иш козголгон. Мен сизге төрага катары кайрылам. Ушул Улан Салянов боюнча ишти өз көзөмөлүңүзгө алууңузду суранам", - деди.

Депутат Айсулуу Мамашева ИИМ Улан Саляновдун өлүмү саясатка байланышы жоктугун билдиргенин эскертти. "Тилекке каршы, бүгүнкү күнгө карата эч нерсе далилденген жок. Мен ИИМди эч нерсе анык боло электе бүтүм чыгарбоого чакырат элем. Адам өлтүрүлгөнү менен үйдө эч нерсе жоголгон эмес. Бүгүнкү күнгө карата бул иш боюнча жыйынтык болгон жок, шаарды курчоого алуу жана башка милициянын аракеттерин байкаган жокпуз", - деди Мамашева.

Төрага Дастан Жумабеков депутаттарга жооп кылып, бул маселени эске аларын айтты.

Эске сала кетсек, 6-ноябрга караган түнү депутат Аида Салянованын 42 жаштагы иниси Улан Саляновду Бишкекте белгисиз адамдар өз үйүнөн атып кетишкен.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
16.11.2017. 14:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Спикердин колунан келбейт
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: