super.kg logo

"Жарандык платформа" бирикмеси президенттик шайлоодогу байкоонун жыйынтыгын чыгарды

 

Бүгүн, 16-ноябрда Бишкекте "Жарандык платформа" коомдук бирикмеси президенттик шайлоонун жүрүшү тууралуу байкоонун жыйынтыгын чыгарды. Аталган бирикме өткөрүп жаткан жыйынга БШКнын мүчөлөрү жана шайлоого байкоо салгандар катышууда.

Бирикме тарабынан 12 шаарга узак мөөнөттөгү 15, кыска мөөнөттөгү 500 байкоо жүргүзүлгөнү айтылды. Алардын байкоосунда, шайлоонун жүрүшүнө таасир берген 120 укук бузуу фактысы катталган. Укук бузуулар Бишкек, Ош, Жалал-Абад, Талас, Кара-Суу жана Токмок шаарларында катталган.

"Добуш берүү учурунда укук бузуулардын арасынан административдик ресурстарды колдонуу шайлоонун жүрүшүндө олуттуу көйгөй болгон. Ошондой эле шайлоочулардын добушун сатып алуу фактылары катталган. Шайлоочулардын добуш берүүнүн жашыруундуулугу бузулган. Шайлоо тилкелеринде жарандардын бюллетень салуусуна көзөмөл салган учурлар да болгон. Андан сырткары кээ бир шайлоо тилкелеринде чүчү кулак өткөрүлгөн эмес", - дешти бирикменин мүчөлөрү.

Айта кетсек, президенттик шайлоо 15-октябрда өтүп, Сооронбай Жээнбеков жеңишке жетишкен.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: