super.kg logo

Билим берүү министрлиги: "Өлкөдө 2236 мектептин 446сы гана бир смена менен иштейт"

 

Бүгүн, 16-ноябрда Жогорку Кеңеште Өкмөттүк саат өтүп жатат. Анда депутаттар өлкөдөгү мектепке чейинки билим берүүчү жана жалпы билим берүү уюмдарынын имараттарынын курулушунун жүрүшү жөнүндө маалыматтарды угууда.

Анда Билим берүү жана илим министрлигинин статс-катчысы Калысбек Шадыханов депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып өлкөдөгү мектептердеги абал туурасында айтты.

"Өлкөдө 2236 орто мектеп бар. Бүгүнкү күндө нормага туура келген 446 мектеп бир сменада, 1636 мектеп эки сменада, 159 мектеп үч сменада иштейт. Нарын районунун өзүндө окуучуларды автобус менен ташып окутуу иштери болуп жатат. 193 билим уясы кооптуу абалда. Азыр ар бир облус боюнча иликтөө уланууда", - деди Шадыханов.

Депутат Айтмамат Назаров мектептердеги абалды жөнгө салууга Билим берүү министрлиги кызыкдар болушу керектигин айтты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: