super.kg logo
  Спорт  

Футбол боюнча Дүйнө чемпиондугуна акыркы жолдомонун ээси аныкталды

 

Бүгүн, 16-ноябрда Орусияда өтүүчү футбол боюнча Дүйнө чемпиондугуна катыша турган акыркы 32-команда аныкталды. Акыркы жолдомо үчүн беттеште Перу менен Жаңы Зеландия кез келген.

Перунун Лима шаарындагы "Estadio Nacional del Peru" стадионунда орун алган беттеш 2:0 эсебинде Перунун жеңиши менен аяктады. Эсеп саны 28-мүнөттө ачылды, анда Перунун жарым коргоочусу Жефферсон Фарфан атаандашынын айып аянтчасына кирип келип, таамай сокку менен гол киргизди. 65-мүнөттө Перу курамасы топту бурчтан чыгарууга мүмкүнчүлүк алып, узатылган топко биринчи Кристиан Рамос жетип жакынкы аралыктан жасаган соккусу менен эсепти 2:0 кылды.

Бул жеңиш менен Перу курамасы 2018-жылы Орусияда өтө турган Дүйнө чемпиондугуна акыркы жолдомону бөктөрүп кетти. Чемпиондукка дүйнөнүн 5 континентинен жалпы 32 курама команда катышат.

Алар:

Европа аймагынан: Орусия, Германия, Испания, Англия, Бельгия, Исландия, Сербия, Польша, Франция, Португалия, Швейцария, Хорватия, Швеция жана Дания курама командалары.

Түштүк Америкадан: Бразилия, Уругвай, Аргентина, Колумбия жана Перу курама командалары.

Азиядан: Япония, Иран, Түштүк Корея, Сауд Арабиясы жана Австралия курама командалары.

Африкадан: Нигерия, Египет, Сенегал, Тунис жана Марокко курама командалары;

Түндүк жана Борбордук Америкадан: Мексика, Коста-Рика жана Панама курама командалары.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(16)
16.11.2017. 11:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ошондо США отпой калган болобу?
16.11.2017. 11:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
ilbirs,
США бул жакта турсун.
Италия,Чили,Уэльс,Голландия өтпөй калды.
16.11.2017. 11:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Кыргызстан ойнобойбу
16.11.2017. 11:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
KG.Kushtarbek,кыргыз командасы Азия чемпионатына чыгып алсын биринчи
16.11.2017. 11:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
KG.Kushtarbek,Кыргызстан 2022 и ойнойт Каттарда
16.11.2017. 13:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ilgizk,Оспурумдор арасындагы футболдо ооба ойношсо керек.
16.11.2017. 13:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
KG.Kushtarbek,Озбекстан ойнобойбу десен бир аз окшошмок
16.11.2017. 11:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
КРстан 2026 ойнойт деп умуттонуп жатам.анда чемпионаттын жаны шарты боюнча 48 команда катышат.шанс кобуроок чыгууга.
16.11.2017. 14:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кыргызстанда деле жакшы ойунчулар бар рахмат окмот шарт тузуп беришпесе да ушунча ойногондоруна байматов мурзаев землянухин майер оюнчулар кучтуу ойношот умуттоном келечекте биздин команда дагы чемпионат мирага барат
16.11.2017. 14:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
бирок бул чемпионатта башкы фавориттер германия франция бразилия аргентина алардан кийинкилер англия испания португалия дания польша аутсайдерлер катарында россия бар
16.11.2017. 19:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
murat17,Бельгияны кошуп койсон
16.11.2017. 15:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
еми депорт кылбай тур[moderated] ,стадиондун сыртынан деле корсок болду еле месси роналдолорду))
16.11.2017. 19:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аргентина чемпион
16.11.2017. 19:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бизде кучту футболчулар бар бирок аларды сборныйга албай келет ушул кунго чейин анткени бут байдын балдары ойнойт чыныгы кучту балдарды кошпой келет акчан болсо жашайсын дегендей эле
17.11.2017. 04:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бизде да Перу,Марокко сыяктуу курамалардай мумкунчулук же макул жок дегенде Автралия,Япония сыяктуу курамалардай мумкунчулуктор оюнчулар бар бирок каражат жетишсиз бул созумо кее биринер каршы чыгышынар мумкун -Акча болуп атат жетиштуу эле конул бурулуп атат-деп туура ошондой бирок ошо акча колдон колго отуп отуруп футболчуларга 10-20% аран жетет же вапше Футбол федерациясына да жетпей калат ))) анткени коруппция спортто да бар...
17.11.2017. 04:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
500 созго орун бар болгондуктан уландысын бул жерге жаздым устуго батпай калды )) Ошондуктан Футболго конул эле болуп эмес ушул тармака берилип кетиш керек ошондо жыйынтык чыгат азыр конул болуп эле койтабыз бирок жыйынтыгы жакшы эмес... Кудайга шугур кичи футбол талааларыбыз коп футбол акырындап онугуп келип атат элибиз саясаат дей бербей жана саясат жонундо суйлоп берилип кетбей футбол жонундо ойлонуп ушул тармака берилип кетсе жыйынтык чыгаар... ИН ШАА АЛЛАХ футболубуз онугот АЛГА КЫРГЫЗСТАН!
Asensio түзөттү 2017-11-17 04:48:02
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: