super.kg logo

Президенттик шайлоодо ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген байкоочуларга шарт түзүлбөгөнү айтылды

 

Президенттик шайлоодо ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген 350 адам байкоо салган. Бул тууралуу бүгүн, 16-ноябрда президенттик шайлоону байкоонун жыйынтыгына арналган жыйында "Эгль" коомдук бирикмесинин директору Чолпон Өмүрканова билдирди.

Анын айтымында, алардын толук байкоо салуусуна шайлоо участкаларында шарттар каралган эмес. "Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген байкоочулардын айрымдары коляскада отургандыктан шайлоо тилкесине кирүүдө пандустардын жоктугу, ажатканалардын имарат сыртында болуусу чоң түйшүк алып келген. Биз муну сыноо максатында гана өткөрдүк. Бирок биздин байкоочуларыбыз да башка байкоочулардай эле кемчиликтерди көрө алышкан. Ошондуктан кийинки шайлоолордо да бул аракетти улантуу керек. Бирок алар үчүн шарттардын жоктугу көрүндү. Айрымдарына шайлоо участкаларынын өкүлдөрү тарабынан туура эмес мамиле жасалган учурлар да болду", - деди Өмүрканова.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: