super.kg logo

Билим берүү министрлиги: "Өлкөдө 10 мектеп урап калуу коркунучунан улам иштебей турат"

 

Бүгүн, 16-ноябрда Жогорку Кеңеште Өкмөттүк саат өттү. Анда Билим берүү жана илим министрлиги өлкөдө 193 кооптуу абалдагы мектеп бар экенин, анын ичинен 120 билим уясын жаңылап куруу зарылдыгын айтты. Ошондой эле министрлик 10 мектеп урап калуу коркунучунан улам иштебей турганын, 63 мектеп капиталдык оңдоого муктаж экенин билдирди.

Депутат Айсулуу Мамашева жаңы курулуштарды баштабай туруп, курууга зарыл болгон 193 кооптуу абалдагы мектепти колго алууну сунуштады.

"Учурда жаңы курулуштарды баштоону токтотуп, башталып калган курулуштарды бүтүрсөк. Кооптуу абалдагы жана капиталдык оңдоого муктаж болгон мектептерге көңүл бурсак натыйжалуу иш болмок", - деди Мамашева.

Социалдык маселелер боюнча вице-премьер-министр Чолпон Султанбекова депутаттын сунушу колдоого аларлык экенин айтты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: