super.kg logo

Активисттер: "Мөңгүлөр боюнча мыйзам кабыл алынса Жогорку Кеңештин таратылышын талап кылабыз"

 

Бүгүн, 16-ноябрда Бишкектеги Ак Үйдүн алдында мөңгүлөрдү талкалоого каршы акция өттү. Анын жыйынтыгында активисттер эгер депутаттар бул мыйзамды кабыл алса Жогорку Кеңештин таркатылышын талап кылышарын билдиришти.

"Бүгүн кайрылуу даярдап келип отурабыз. Мындан ары карай президентке кайрылуу жасайбыз. Биз жарандык коом Суу кодексине киргизиле турган өзгөртүүлөргө каршы экенибизди билдиребиз. Мамлекеттик мекемелер чет элдик компаниялардын жетегине кирип, алардын кызыкчылыгын коргоп, кыянатчыл мыйзамдардын кабыл алынышына каршыбыз. Жогорку Кеңештин депутаттары улуттук мөңгү фондубузга кыянатчылык кылып, бул зыяндуу мыйзамдарды кабыл алса Жогорку Кеңештин мөөнөтүнөн мурда таркатылуусун талап кылабыз жана жер жерлерде кол чогутууларды баштайбыз", - деди "Кыргыз эл жаштар кыймылынын" өкүлү Бекназар Айталиев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
16.11.2017. 19:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Колдоп коюшту буларды ким деп аташты да билбейсин. Кумтордун жамааты бизди кузгундар деди деп Сайдулла Нышанов айтып жатат го. Чын эле ошол атка ылайыктуу экен азыркы депутаттар чычалабай эле коюшсун
16.11.2017. 20:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Суу бизге маанилуу! Бийлик мамлекетти кризиске такап Кумтордон башка пайда берген ишкана калбай калгандыктан айласыз ушул мыйзамды колдоп атат.Бул мыйзамды колдогондор ата мекенине куйбогон эптеп убактылуу кызматка кызыккандар. Бир убактарда мыйзамдуу башчы келсе булар жазаланат.
17.11.2017. 04:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кызык Бабанов кантип добуш берди.?ушул суроого супер силерде жооп барбы?чыдамсыздык менен кутом
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: