super.kg logo
  Саясат  

Депутат Арапбаев: “Суу кодексине толуктоолорду киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоорун саясатташтырбоо керек”

 

КСДП фракциясынан депутат Азамат Арапбаев “Суу кодексине толуктоолорду киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоорун саясатташтырбоо керектигин айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 16-ноябрда парламент жыйынында билдирди.

Ал билдиргендей, бул мыйзам долбоору бир нече жылдан бери талкууланууда.

“Жогорку Кеңештин буга чейинки чакырылышында мыйзам долбоору талкууланып жатканда Илимдер академиясынын окумуштуулары эсептеп, ошол эки мөңгү өлкөдөгү мөңгүлөрдүн болгону 0,01 пайыз түзөрүн айтышкан. Акыркы убактарда бул мыйзам долбоорду саясатташтырып жибердик. Мыйзамды үчүнчү окууда колдоп берели”, - деди ал.

Парламентте аталган мыйзам долбоор үчүнчү окууда каралып жатат. Анда Давыдов жана Лысый мөңгүлөрүнөн кен казуу сунушталган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: