Жогорку Кеңеш Давыдов жана Лысый мөңгүлөрүн талкалоого жол ачкан мыйзамды колдоду
Бүгүн, 16-ноябрда парламент “Суу кодексине толуктоолорду киргизүү жөнүндө” мыйзамын 3-окууда колдоду. Жалпы 85 депутат катталды. 63 депутат "макул" деп, 22си "каршы" добуш берди.
Аталган мыйзам долбоордо Давыдов жана Лысый мөңгүлөрүн талкалоо аркылуу кен казуу сунушталган.
Эске салсак, бүгүн Бишкектеги Ак Үйдүн алдында мөңгүлөрдү талкалоого каршы акция өттү. Жарандык активисттер парламенттен мыйзам долбоорду четке кагуусун талап кылышкан. Алар мөңгүлөр боюнча мыйзам кабыл алынса, Жогорку Кеңештин таратылышын талап кыла турганын билдиришкен.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:12
2025-07-15
20:13
2025-07-14
Рейтинг:
-5

