super.kg logo

СУПЕРСТАН: "Аялдын карьерасы - үйдүн кутун сактоо, бала тарбиялоо, жолдошунун тапкан-ташыганын сарамжалдоо"

 

SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Жолдошуңар иштетпейм десе эмне кыласыңар?" деген тема талкууга алынган. Анда автор: "Эгерде күйөөңүз "сен иштебейсиң, үй-бүлөнү материалдык жактан өзүм камсыздайм" деп айтса, сиз кандай чечим кабыл аласыз? Мисалы, сиз дарыгерсиз, юристсиз же педагогсуз. Жаштайыңыздан кыялданган ой-максатыңыз заматта бүлүнүп жатса, эмне кылмаксыз?" - деген суроосун калтырган.

Темадагы билдирүүлөрдөн:

"Азыркы заманда "иштетпейм, сен үйдө отур, мен багам" деген эркектер калган жок окшойт. Тескерисинче "экөөлөп бирге иштейбиз, үйдө отурбай иште" дегендер көбөйгөнсүйт".

"Жолдошум "кааласаң иште, каалабасаң үйдө жатып ал" дейт. Бирок жумушумду аябай жакшы көрөрүмдү билип унчукпайт. Негизи күйөө эле иштеп камсыздаса жакшы болмок. Бирок азыр андайлар аз да. Кээде жумуштан чарчап, болду иштебейм дейм. Жолдошум "сен иштебесең буулугуп, башкача болуп каласың" дейт. Ошон үчүн иштебе деп айтпайт экен мага".

"Эгерде "иштебейсиң, үйдө отур" десе, макул болмокмун. Балдарды багып, үй ишин кылып, кечинде күйөөм жумуштан келсе жаркылдап күлүп-жайнап тосуп алып, дасторконду жайып, түркүн тамактарды жасасаң сонун болсо керек. Бирок бир жагынан аял киши иштесе, баарына жетишкенге аракет кылат. Үйдө болсоң же кириң жуулбай же тамагын жасалбай калат дегендей".

"Адам баарына көнөт экен. Тун уулубуз менен үйдө отурганда жумушума көнгөн жаным дурус эле буулуктум. Азыр деле үйдөмүн, бирок мурдагыдай - бир нерсе жетишпегендей сезим жок, жумушумду сагынган жокмун. Балдарым менен бала болуп күндүн кантип өткөнүн билбей деле калам. Мурдагы кожойке менен азыркы кожойкенин айырмачылыгы - интернет. Үйдө отуруп деле аалам кезе бересиң. Буулукпайсың, жаңылыктан кабардарсың, билбегениңди билип тил үйрөнөсүңбү, дистанттык түрдө окуйсуңбу - өз эркиң".

"Мугалим, дарыгер, тигүүчүлүк кесипти аркалаган аялдарды жолдошу тыйбаса деле керек. Ошентсе да аялдын карьерасы - бул үйдүн кутун сактоо, бала тарбиялоо, жолдошунун тапкан-ташыганын сарамжалдуу пайдалануу. Бирок азыр тескерисинче болуп калды. Аял базарда, эркек үйдө. Бул да сабатсыздыктын кесепети".

Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(7)
16.11.2017. 18:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ар ким озунун уй булолук жана материалдык шартына жараша иш кылат деп ойлойм. Жогоруда пикирин айтып кеткен мекендештер , беш кол тен эмес. Экоолоп иштейби, жалгыз иштейби ар кимдин иши. Мумкунчулук болсо жалгыз иштейт, болбосо экоолоп. Бироо кылып бербейт да сенин ишинди.
16.11.2017. 19:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Куйоо иштесе аял уйдо олтурган деле жакшы,иштечу убакыт келет балдар чонойо мектепке киргенде ошондо дипломду кутудан алып дегендей,азыр иштесен ден соолук тороттон кеч калып калабызбы дегеним жеке оюм ушундаай.
16.11.2017. 20:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Менин жолдошум иштебе баардык жактан озум камсыз кылам десе,Кудай деп эле уйдо отурмакмын.
16.11.2017. 21:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Андай куйоолор чанда гана кездешчу заман азыр.
16.11.2017. 22:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Тийгенден бериле отурам уйдо 8 жыл болду.)))
16.11.2017. 23:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Иштебей уйдо отур десе, отурмакмын" деп жооп беришиптир. Мен дагы кошулам.Бирок азыр Кыргызстанда жалгыз иштесен, жетпейт да. Айла жок иштеш керек. Кудайдан ден-соолук берсе, иштеп турайын деп тилейм.
17.11.2017. 23:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Иштесен тиштейсин..тишин барда таш чайна тишин тушуп калган сон таш эмес сага аш кайда???
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: