super.kg logo

Кинооператор Санжар Абдыжапаров 4 айдан бери Кудрет Тайчабаровдон камерасын ала албай убара тартып жатканын айтты

 

Өзүн журналист, акын, актёр катары сынап жүргөн Кудрет Тайчабаров белгилүү режиссёр Эрнест Абдыжапаровдун уулу, кинооператор, клипмейкер Санжар Абдыжапаровдун фотокамерасын кайтарып бере элек. Бул тууралуу Санжар Абдыжапаров SUPER.KG порталына айтып берди.

Буга чейин Кудрет Тайчабаров клипмейкердин Canon mark III үлгүсүндөгү фотокамерасын алып, кайтарып бербей жаткандыгы маалымдалган.

Абдыжапаровдун айтымында, Кудрет Тайчабаров анын камерасын алып кеткенине 4 ай болду.

"Мен август айында Бишкек шаардык октябрь РИИБине, райондук прокуратурага арыз жазгам. Кийин шаардагы кафелердин биринен Кудретти жолуктуруп калып, милицияга кабар берип өзүм кармап бердим. Бирок милиция аны кайра коё берди. Акча сунуштаганбы, эмнеге аны коё беришти мага белгисиз. Милициялардын айтымында, Кудрет унаасы менен жолдо баратып бейтааныш кишинин унаасын сүзүп алыптыр. Ал киши "Унаам оңдолгондон кийин берем", - деп менин камерамды алып коюптур. Бирок Кудрет өзү мага камераны сүрөткө тартып жиберип, "камера менде милициядан арызыңды алсаң берем" деп жазды. Мен андан бул убакыт ичинде мага канча зыян келсе, ошону төлөп берүүсүн талап кылам", - дейт ал.

Санжар Абдыжапаров учурда жумуш үчүн башка бирөөлөрдөн күнүнө 1,5 миң сомдон ижарага камера алып иштеп, зыян тартып жатканын белгиледи.

"4 ай ичинде бул жабдык менен аз дегенде 2 миң доллар киреше тапмакмын. Укук коргоо органдары тарабынан айта турган деле аракеттер көрүлбөй келет. Кудреттин камераны алган ижарасы эле 130 миң сомго жетти. Мен мынча акчаны төлөсүн дебейм 1000 доллар, анан камерамды берсин, болду, иш жабылат. Мен канча убара тарттым, моралдык чыгымдарым үчүн деле компенсация талап кылсам да болмок, бирок антпейм", - деп кошумчалады оператор.

Ал эми Кудрет Тайчабаров жүйөлүү себептер болбосо камера үчүн мынчалык жаман көрүнүүнү өзү да каалабай турганын айтат. Анын билдирүүсүнө ылайык, камера учурда башка кишинин колунда.

"Мен июль айында жол кырсыгына кабылдым, бейтааныш кишинин унаасын сүзүп алгам. Ал унааны калыбына келтирип бергенге чейин камераңды алам деп камераны алып койду. Буюрса, унаа оңдолуп бүтөйүн деп калды. Камераны кайтарып берем, эгер Санжар акча талап кылса колумдан келишинче акча да кошуп берем. Бирок мен аны иштетип каражат тапкан жокмун. Жакында эле азырынча иштетип тур деп башка камера бергем. Милицияларга да абалымды айтып түшүндүргөм. Санжарга камеранын сүрөтүн өзүм тартып жөнөткөн эмесмин. Аппаратты жоготкон жокмун деп ишендирүү үчүн камераны алган кишиден сүрөтүн тартып жөнөтүүсүн өтүнүп, ошол сүрөттү салгам", - деди Тайчабаров.

Бишкек ШИИББинин маалыматына караганда, учурда бул боюнча кызматтык иликтөө иштери жүрүп жатат, бирок кылмыш иши козголо элек.

"Санжар Абдыжапаров тарабынан жазылган арыздын негизинде Октябрь райондук ички иштер бөлүмү тарабынан кызматтык иликтөө иштери жүрүп жатат. Аны тергөөчү суракка алып, өзүнө, туугандарына айтып, камераны кайтарууга милдеттендирген.Тайчабаров Санжарга карыз буюмун алып келип берүүнү убада кылган. Бирок көп убакыт өтүп кетти. Эгер ал убадасын аткарбаса жакынкы арада Тайчабаровдун үстүнөн кылмыш иши козголот", - деп айтылат ШИИББинин басма сөз кызматынын маалыматында.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Комментарийлер(13)
20.11.2017. 17:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Өзү канча миң сомдук камера экен?
20.11.2017. 17:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
APCEH,90000-120000 чейинки камера экен.
APCEH түзөттү 2017-11-20 17:42:50
20.11.2017. 17:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Уят озунун камерасы болбогондон кийин. Бироого берип эмне кылат. Кыргыздын жигиттери жоопкерчилуктуу болгула.Машинасы авария болсо Санжардын проблемасы эместа. Андан коро озунун оокатын бербейби.
20.11.2017. 17:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
уят эмеспи дагы деле бере элекпи.
20.11.2017. 17:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Шерменде
20.11.2017. 18:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Бул Тайчабаров дегенин ото афер окшойт, ананда сулуулар конкурсунда калыстардын курамында болуп алганын айтасын))
20.11.2017. 18:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Тайчабаров озунчо эле укмуш боло берет инстаграмда,гердейбей кылган ишине жооп бербейсинби? Уят эле
20.11.2017. 18:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Биронун машинасын сузуп алып анан дебей бербейби биронун камерасын кандай кам жебеген калын бет бул наглый
20.11.2017. 20:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Сен Кудретти канча убакыттан бери кармай албай атам деп айтканынды Москвада журуп уктум эле. Откондо Кыргызстанга барганда 3-ноябрь куну аны мен Аламудун базары жакта Алма ата кочосундо кордум. Маршрутка тосуп инип чыгып кетти))).
21.11.2017. 00:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
taalay25,(инип) дегенин эмне?
20.11.2017. 20:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тайчабаров жазда үйлөнүп, күздө той берем деп атты эле го. Ушул иштердин айынан тою да болбой калды өңдөнөт...
20.11.2017. 21:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Кырсык болуптур да. Тиги кишиге камерадан башка нерсе берсе болмок экен.
21.11.2017. 03:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Камера бироонуку,андан коро залогго башка нерсе берейин десе болмок экен.Нендурайын,атактуу болгон силердин.Жон эле чечишип алчу нерсени бут элге жайып проблема кыласынар.Монгусун,алтынын алдырып жан кашайып атса...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: