super.kg logo
  Саясат  

Жети-Өгүз: Шамиль Атаханов митингчилер менен сүйлөштү. Бирок макул болбогон тургундар кайрадан "Кумтөрдү" электр жарыгынан ажыратууга жөнөштү

 
Коргоо жана коопсуздук боюнча вице-премьер-министр Шамиль Атаханов Жети-Өгүз районундагы митингчилердин активисттери менен сүйлөшүү жүргүздү. Сүйлөшүүдөн соң сыртка чыккан Атаханов элди сабырдуулукка чакырып, коюлган талаптардын аткарылышына 20 күн мөөнөт берүүнү суранды. Буга макул болбогон митингчилер эртең түшкө чейин өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиевдин аймакка келишин талап кылышып, андай болбой турганын Атахановдон уккан соң кайрадан "Кумтөргө" берилчү электр энергиясын өчүрүү үчүн Тамга айылына жөнөп жатышат. Аймактык кабарчыбыз билдиргендей, Шамиль Атаханов "Кумтөрдүн" иши 7 саатка токтосо, ишкана 3 айлык тапкан кирешесинен ажырай турганын да айтты. Бирок бул кооптуу абалды тургундар уккусу келген жок.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: