super.kg logo

Таластын тургундарынын курултайы кайра өтпөй турган болду

 

Эртең, 18-ноябрга пландалган Талас облусунун тургундарынын курултайы өтпөй турган болду. Бул тууралуу SUPER.KG порталына уюштуруучулар билдиришти.

Алардын айтымында, курултай белгисиз мөөнөткө жылдырылды. Уюштуруучулар мындай чечимин Таластагы митингдерди уюштурууга активдүү катышкан Шамбет Кубатбековдун кармалышы менен түшүндүрүштү.

Айта кетсек, буга чейин 3-ноябрда Таласта митингге чыккан эл 9-ноябрда жалпы өлкө боюнча элдик курултай өткөрүү чечими менен тараган. Анда митингчилер "президент кечирим сурасын" деген талап коюшкан, Алмазбек Атамбаев болсо өзүнүн аппарат башчысы аркылуу кечирим сурабастыгын билдирген.

Кийин Талас облусунун тургундарынын курултайы 9-ноябрда Бишкекте болбой турганы белгилүү болгондо, 18-ноябрга жылдырылып, Таластагы "Манас Ордо" комплексинде өтөрү айтылган. Анда Суу кодексине өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзам долбоорун талкуулоо пландалган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
17.11.2017. 11:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Же акча алышкан же Аша коркутту, Талас десе биз окуп жургондо Таластыктар кыйын билчу элек БАРКЫНАР КЕТИПТИР!!
17.11.2017. 11:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Таластын элин Аша гана чыгарат же чыгарбайт. Таластын ключу АШАда
Дарыгер түзөттү 2017-11-17 11:44:54
17.11.2017. 14:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Абыке Кобоштун тукумдары экенин мойундарына алышкан,же акча алышты.
17.11.2017. 16:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Таластыктардан Бабанов сураныптыр чыга корбогуло и так мени куугунтуктап атат менден коруп дептир.Жолдошумдун туугандары айтышты (ошо тууганы пресс конференцияга катышкан).Бабанов кана кендирибизди кесип атат дептир...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: