super.kg logo
  Саясат  

Депутат: "2018-жылы мугалимдерге, дарыгерлерге, балдар үйүнүн бүтүрүүчүлөрүнө турак жай куруу ишин баштоо керек"

 

"2018-жылы мугалимерге, дарыгерлерге, балдар үйүнүн бүтүрүүчүлөрүнө турак жай куруу ишин баштоо керек", - деп бүгүн, 17-ноябрда парламенттин тармактык комитетинин жыйынында КСДП фракциясынан депутат Элвира Сурабалдиева билдирди.

Депутат каржы министри Адылбек Касымалиевге турак жай курууга каражат табуу керектигин айтты.

“Турак жайлар бир гана укук коргоо органынын кызматкерлерине салынып жатат. Мен ар бир мамлекет кызматкерин сыйлайм. Бирок биринчи кезекте мугалимдерге, дарыгерлерге, балдар үйүнүн бүтүрүүчүлөрүнө да үй куруу зарыл. 2018-жылы жок дегенде бир турак жай куруу керек. Саламаттыкты сактоо министрлигинин, Билим берүү жана илим министрлигинин, Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин жетекчилери башка нерсеге каражат сурайт. Керектүү нерселерге акча сурабайт”, - деди Сурабалдиева.

Ошону менен катар эле Сурабалдиева министрлик, мекемелердин чыгымы көп болуп жатканын кошумчалады.

Учурда Жогорку Кеңештин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинде өлкөнүн 2018-жылга республикалык бюджети жана 2019-2020-жылдарга болжолу жөнүндө маселе каралып жатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: