Президенттин Жети-Өгүз районундагы абалга карата өзгөчө кырдаал жарыялоо буйругун КСДП фракциясынын депутаттары колдошту
Өлкө
башчы Алмазбек Атамбаевдин Жети-Өгүз районундагы абалга карата өзгөчө кырдаал
жарыялоо буйругун бүгүн, 31-майда КСДП фракциясынын депутаттары колдошту. Эске сала кетсек, буйрукка ылайык, аталган
райондо 31-май күнү саат 15:00дөн баштап 10-июнга чейин коменданттык саат
киргизилет. Коменданттык саат 21:00дөн 06:00гө чейин аралыкты камтыйт. Ага
ылайык, ички иштер министринин биринчи орун басары Бактыбек Жусубалиев
Жети-Өгүз районуна комендант болуп дайындалды. Ал эми учурда фракция
депутаттары жабык эшик артында сүйлөшүүдө.
Автор: Ширин Жумадилова
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
21:13
2025-11-05
19:43
2025-11-05
17:12
2025-11-05
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















