Чүйдөн киши өлтүрүү фактысына шектелип, Орусиянын жараны кармалды
30-май күнү Чүй облусуна караштуу Ивановка районунун айылдарынын бириндеги үйдүн ичинен киши колдуу болуп өлтүрүлгөн 50 жаштагы С.С. аттуу адамдын денесин Ысык-Ата РИИБинин кызматкерлери табышты. Укук коргоо органдарынын айтымында, адамдын денесине жана бетине бир нече жолу бычак менен сайылган. Окуяга шектүүнү издөө үчүн ыкчам иликтөө топ түзүлүп, ушул эле күнү 55 жаштагы Орусия Федерациясынын жараны В.Е. кылмышка шектүү катары кармалды. Ага карата кылмыш кодексинин 97-беренеси (адам өлтүрүү) боюнча Кылмыш иши козголуп, Орусиянын жараны убактылуу кармоо жайына киргизилди. Учурда тергөө амалдары улантылууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:29
2025-06-24

15:38
2025-06-24

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.