super.kg logo

Дарыгер: "Аксыда өлүү табылган кайнене-келин менен кошо жабыркаган кыздын абалы жакшы болуп калды"

 

Аксыда өлүү табылган кайнене-келин менен кошо жабыркаган кыздын абалы жакшы болуп калды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына бүгүн, 18-ноябрда Аксы аймактык ооруканасынын жетекчиси Медер Осмонов билдирди.

"Учурда абалы жакшы болуп калды, анын баш мээси чайкалып, башынан ачык жаракат алган, желке сөөгү сынып, башына кан уюган. Учурда анын жүрөк кемтиги менен жабыркай тургандыгы да белгилүү болду. Ага байланыштуу Жалал-Абаддан кардиолог-нейрохирург чакырдык, бүгүн келет", - дейт Медер Осмонов.

Эскерте кетсек, буга чейин Жалал-Абад ОИИБинен Аксыда кайнене-келиндин жансыз денелери табылып, үй ээсинин 26 жаштагы кызы оор абалда ооруканага түшкөнүн кабарлашкан.
Кийин анын абалы турукташып, сүйлөп калганын дарыгерлер билдиришкен. Ал эми бул кылмышка шектелип, ошол эле айылдын 30 жаштагы тургуну кармалгандыгы маалым болгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: