Максим Галкин менен Алла Пугачёва никеге турушту



Бүгүн, 18-ноябрда орустардын примадоннасы аталган Алла Пугачёва менен жолдошу Максим Галкин мамиле куруп башташканына 16 жыл, мыйзамдуу түрдө баш кошушканына 6 жыл болгон соң никеге турушту. Бул маалыматты Галкин интернеттеги социалдык тармактагы жеке баракчасы аркылуу коомчулукка жарыялады.
"Бизде жакшы жаңылык орун алды. Биз никеге турдук", - деген ал.
Белгилүү болгондой, никеге туруу аземи чиркөөлөрдүн биринде өткөн. Азырынча кечеге кимдер катышканы тууралуу маалымат бериле элек. Бирок түгөйлөрдүн кызы Лиза менен уулу Гарри ата-энесинин жанында болушканын Галкиндин жүктөгөн сүрөтүнөн көрүүгө болот.
Максим Галкин менен Алла Пугачева никеге эми турушту
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Коро албагандар ар нерсе дей берет комментарийлерге конул бурбай кайфты кылгыла....))
Балдары никеде туулса жакшы болмок.