super.kg logo

ЭЛДИК КАБАР: Орусиянын Воркута шаарында Кыргыз өлкөсүнүн маданияты тааныштырылды

 

Орусия Федерациясынын Коми Республикасындагы Воркута шаарында кыргыздар өз маданиятын жергиликтүү элге тааныштырды. Бул тууралуу "Элдик кабарга" окурман билдирди.

"Аталган аймакта чукча деген эл бар. Аларды физиологиялык түзүлүшүнө карап кыргыздарга окшоштура беришет. Кыргыздар кайдан келип чыкканы, түпкү теги тууралуу билбегендер бизди чукчалар менен айырмалай алышпай, ушул элден келип чыккан деп ойлошот экен. Мындан улам Воркутадагы кыргыздар биригип, жергиликтүү элге кыргыз эли, өлкөсү тууралуу кенен маалымат берип, маданиятыбызды, улуттук тамак-аштарыбызды тааныштыралы дедик. Биз иш-чараны өткөрө турган имарат бошобой калгандыктан, шаардагы мечитте өткөрүүгө уруксат берилди. Кыргыз диаспорасынан, шаардык администрациядан, медицина кызматкерлеринен жана каалоочуларды чакырдык. Биздин маданиятыбызды көргөнү көп адамдар келди. Дасторконубузду улам тамак-ашка толуктап жаттык. Алар аз да болсо "Кыргыз" деген түшүнүк алышып, ушундай эл бар экенинен маалымат алып кетишти", - дейт окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.






Воркутада кыргыз маданияты таанытылды

 


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 8 
Комментарийлер(6)
19.11.2017. 17:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Аа жакшы иш жасаптырсынар азаматтар жердештер. Бешбармактан дагы кошуп койсонор жакшы болмок экен столго.
gute түзөттү 2017-11-19 18:17:41
19.11.2017. 19:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Азаматтар!!! Кыргыз деген опасный Эл бар экенин билишсе керек. Воркутада Даниэл деген жээним суроту корунбойт го?
19.11.2017. 19:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Азаматcынар жердештер ишинерге ийгилик, сагындым сени Воркута.
19.11.2017. 21:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ассалому Аллейкум Кыргызстандык жердештер.Негизинен Воркута шаары кенчилердин шаары б.э.Воркутада негизинен Кызыл-Кыя шаарынан,Кадамжай жана Ноокат райондорунан келгендер иштешет.Негизинен комур шахтыларында иштешет.Жумуш оор жана травмоопасный ошол учун жыл сайын кыргыздар акча топтошуп кан чыгарышып(кой союшуп) Куран окуутушат.Спорт б-ча дагын кыргыздар биринчилик оорундарды ээлешет.
KGstan1981 түзөттү 2017-11-19 22:00:09
20.11.2017. 10:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Воркута закрытый город эле мурда.Город зэков деп аталчу.Азыр свободный проезд окшойт.Воркутада кыкелер барын биринчи угушум.
05.01.2018. 23:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Авторго рахмат ,бирок Воркутада чукча деген эл жок,жергиликтуу эл -Ненцы деп аталат,бугу багып, жыл бою тундрада жашашат,балык да кармашат ..ушунча жазган экенсин туура маалымат берсен болот.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: