super.kg logo
  Саясат  

Алмазбек Атамбаев: "Мөӊгүлөр "Кумтөрдүн" айынан эриген жок"

 

Бүгүн, 20-ноябрда президент Алмазбек Атамбаевдин маалымат жыйыны өтүүдө.

Өлкө жетекчисине "Кумтөрдө" мөӊгүнү талкалоого уруксат берчү мыйзам тууралуу "Супер-Инфо" гезитинин кабарчысы тарабынан суроо берилди.

"Кечээ мага бул мыйзам келип түштү. Мен мөӊгүлөр боюнча СССРдин каталогун карап чыктым. Биздин аймакта 6771 мөӊгү бар деп эсептелет, алар "Кумтөрдүн" айынан эриген жок. Глобалдык жылуулануудан улам эрип жатат. Мисалы, Давыдов мөӊгүсү жалпы мөӊгүлөрдүн 0,014 пайызын түзөт. Бул мындан 23 жыл мурун эле иштетилип баштаган. "Центерра" экология үчүн которгон акчаны 10 эсеге көбөйттү. Мындан да көп которушу үчүн аракет кылышыбыз керек. Мен жакшылап карап чыгышым керек", - деди Атамбаев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -6 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: