super.kg logo
  Саясат  

Алмазбек Атамбаев: "Акаев, Бакиев же Бабанов эч качан Манастын урпактары боло албайт"

 

Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 20-ноябрда журналисттер менен пикир алышууда.

Өлкө жетекчиси 6 жыл аралыгында чечим кабыл алуу кыйын болгон оор учурлар көп болгонун белгиледи.

"Оор учурлар көп эле болду. Өзбекстандын мурдагы президенти шантаж кылган учурду айтсам болот. Мен деле Акаев менен Бакиевдей болуп алдына жүгүнүп барсам болот эле. Бирок өлкөнүн көз карандысыздыгы баарынан маанилүү. Элибизге рахмат, чыдады. Эгерде кайсы бир саясатчы сатылса, ал Манастын урпактары эмес. "Баарыбыз Манастын урпактарыбыз" деп айрымдар бакылдап жатпайбы? Мен айтат элем, мен үчүн Акаев, Бакиев же Бабанов эч качан Манастын урпактары боло алышпайт. Алар Абыке, Көбөштүн урпактары", - деди Атамбаев.

Президент сырттагы Кыргыз мигранттарын өлкөгө кайтаруу үчүн жерди иштетүүнү жакшы жолго салып, иш орундарын көбөйтүү зарылдыгын айтты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -7 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: