super.kg logo

Экономика министрлиги: "Ун жана буудай импортунун кошумча нарк салыгынан бошотулушунан улам бюджет эки жылда 1,1 миллиард сом жоготкон"

 

Ун жана буудай импортунун кошумча нарк салыгынан бошотулушунан улам бюджет эки жылда 1,134 миллиард сом жоготкон. Бул тууралуу Экономика министрлигинин маалыматында айтылат.

"Эки жыл мурун Кыргыз өлкөсү Евразиялык экономикалык биримдикке кирип жатканда Экономика министрлиги буудай импортун кошумча нарк салыгынан бошотууну сунуштаган. Ишкерлер буудайды иштетип, унга айланткан соң кошумча нарк салыгын төлөш керек болчу. Бирок мыйзамдын долбоорун талкуулоодо парламент унду дагы кошумча нарк салыгынан бошотуу боюнча оңдоо киргизишкен.

Ал чечимдин кабыл алынышы менен бюджет 2014-жылы 653,2 миллион сом, 2015-жылы 499,6 миллион сом жоготкон", - деп айтылат министрликтин маалыматында.
Ошондой эле Экономика министрлигинин маалыматында, унга жана буудай импортуна кошумча нарк салыгын киргизүүдөн баш тартуу Эл аралык валюта фондунун кезектеги траншынын бюджетке түшпөй калышына себепчи болору айтылат.
Айта кетсек, 16-ноябрь күнү унга жана буудай импортуна кошумча нарк салыгын киргизүүгө багытталган мыйзам долбоору Жогорку Кеңеште 2-окууда жактырылган. Мыйзам долбоор азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана эгин менен унга байланыштуу бюджет тартыштыгын кыскартуу максатында иштелип чыккан.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
21.11.2017. 09:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
bawynda oylonup dobuw berbeyt belener siler duputaysynargo
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: