super.kg logo

2020-жылы өлкөдө аары менен балыктарды идентификациялоо жүргүзүлөт

 
Ашырбай Жусупов

2020-жылы өлкөдө аары менен балыктарды идентификациялоо жүргүзүлөт. Бул тууралуу бүгүн, 20-ноябрда Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү комитетинин көчмө жыйынында Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын директорунун орун басары Ашырбай Жусупов билдирди.

Ал азыр өлкөдөгү уйлардын 98 пайызы идентификацияланганын, учурда да улантылып жатканын айтты.

"Бирка тагуу токтобойт, анткени жаңы музоолор туулган сайын аларга да бирка тагылып турат. Негизи план боюнча быйыл өлкөдөгү уйларды идентификациялоо жыйынтыкталышы керек, 2018-жылы өлкөдөгү жылкы менен чочко идентификацияланат. Ал эми 2019-жылы кой-эчкилерди, 2020-жылы болсо аары менен балыктарды идентификациялоо жүргүзүлөт. Анда балык чарбасындагы балыктар идентификациядан өтөт, аларга бирканын ордуна денесине чиптер тагылат", - деди Ашырбай Жусупов.

Айта кетсек, бүгүн, 20-ноябрда Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү комитетинин көчмө жыйыны болду. Жыйын жаныбарларды идентификациялоо жана жайыт чарбасында жүргүзүлүп жаткан иштер менен жеринен таанышып, жаралган маселелерди чечүүнүн жолдорун издөөгө арналган.

Көчмө жыйындын жүрүшүндө комитеттин мүчөлөрү Сокулук районуна караштуу Военно-Антоновка айыл аймагында жеке ишкерлердин мал чарба жана балык чарбалары менен жеринен таанышышты. Жыйын Военно-Антоновка айылынын маданият үйүндө комитеттин отуруму менен жыйынтыкталды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
20.11.2017. 22:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Биринчи мал жандыктарды бутургулочу. Мисалы биздин уйлар койлор жылкылар боло элек. Элдин малдарыеын кулагы бут эле сары
21.11.2017. 01:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Курт-кумурсканы качан идентификация кылат экен?
21.11.2017. 07:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
"Идентификация Борна"деген кинону ким коргон?
21.11.2017. 07:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жомок. Уйдарды бүтө албайт дагы кайдагы карыны кеп кылат.))
21.11.2017. 15:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чымыны барлар не кылышат
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: