Аламүдүн районунда айдоочу унаасы менен 5 адамды сүзүп кетти. Каза болгон үч адамдын арасында 7 жаштагы бала да бар
Аламүдүн районунун Кара-Жыгач айылында айдоочу Тойота Камри үлгүсүндөгү унаасы менен 5 адамды сүзүп алды. Бул тууралуу бүгүн, 20-ноябрда SUPER.KG порталына Патрулдук милиция башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, жол кырсыгы бүгүн түштөн кийин саат 15:45 чамасында аталган айылдын Фрунзе жана Центральная көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Анда 1969-жылы туулган Арашан айылынын тургуну Тойота Камри үлгүсүндөгү унаасы менен 5 адамды сүзүп кеткен. Кырсыктын кесепетинен окуя болгон жерден 1972-жылы туулган аял каза болсо, 30-35 жаштагы аял жана 7 жаштагы бала ооруканада жан берген. Ал эми жабыркагандардын экөө жана айдоочу менен аялы ооруканага жеткирилген.
Учурда аталган кырсык боюнча тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө амалдары жүрүп жатат.


Ошондо калгандары ойлоно турган болот....