super.kg logo

Орусияда бала бакчанын кызматкерлери балдардын дааратканага баруусуна тыюу салып жүрүшкөн

 

Челябинск облусундагы бала бакчалардын биринде тарбиячылар, бала багуучулар балдардын дааратканага баруусуна тыюу салып жүргөн. Чет элдик маалымат булактарынын жазган маалыматына ылайык, тарбиячылардын мындай "ишин" ата-энелер ачыкташкан.

Балдардын биринин апасы баласы үйгө өтө шашып келип, дароо дааратканага киргенин байкап жүргөн. Баласы "бала бакчада ажатканага барганга болбойт, үйгө кеткенге чейин чыдаш керек" деп айтканынан кийин апасы башка балдардын ата-энелери менен сүйлөшүүлөрдү баштаган. Жыйынтыгында бала бакчанын кызматкерлери балдардын "чоң муктаждыктарын" аткаруусуна тыюу салып жүрүшкөнү белгилүү болгон.

Ата-энелердин бул боюнча суроосуна бала бакчанын тарбиячысы аларга тыюу салынган эмес, балдар бизге дааратканага барары тууралуу айтуудан тартынат деп жооп берген.

"Ал эми бакчадагы бала багуучулар ар бир тайпада жыйырмадан ашык бала бар, ар бирин "тазалоого" жетишпейбиз. Балдар үйүнө чейин чыдаганга көнөт", - деп жооп беришти. Ал эми бала бакчанын директору бул боюнча биринчи жолу угуп жаткандыгын, маселени чечүү үчүн тийиштүү аракеттер көрүлөрүн айтты. Биз азырынча алардын убадасынын аткарылышын күтөбүз", - деген балдардын биринин апасы Тамара Архипова.

Дарыгерлер балдарга "чоң муктаждыктарын" аткарууга тыюу салуу - аларда кооптуу оорулардын жаралуусуна алып келерин билдиришкен. Ал эми психологдор балдар үчүн бул чоң азап экенин, мындай абалга улам-улам тушуккан бала өзүн-өзү эркин алып жүрө албай каларын айткан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(8)
21.11.2017. 00:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Кандай мыкаачылар а,байкуш наристелерди кыйнап
21.11.2017. 06:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
20 баланы тазалап жетишпейбиз дейт, бир кундо, бир убакта 20 баланын баары барбайт го "чон муктаждыктарга".Кандай таш боор адамдар?
21.11.2017. 08:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бир эжем баласын (баласы 3жашта) садикке берейин десе место жок ясли группага убактылуу алышыптыр. Бир куну баласы айтып келиптир "балдардын оозуна бир нерсе тамгызат анан алар уктап калышат, а мага тамгызбайт деп айтыптыр". Эжем ата энелерге эскерткен бойунча баласын алып качты ал садиктен. Дальше эмне болду билбейбыз.
21.11.2017. 08:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
engel,Каердин садиги? Россиянынбы?
21.11.2017. 10:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Aznazalai, жоок Бишкекте
21.11.2017. 09:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менин кызымын группасында 60 тан ашык бала бар. Жакшына эле жетишип жатышат. Жыйырмасына жетишпей калышканы тан калыштуу
21.11.2017. 10:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бардык садиктер эле андай эмес.менин кызым барып аткан садикте жакшы карашат Екатеринбургта
21.11.2017. 13:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Токмокто иним менен келиним деле ушундай маалыматты айтышкан . Балдапы уйуно келгенде шашып дааратканага кирет экен эмнеге десе тарбиячылар дааратканага чонго киргенге балдарга уруксат бербейт экен
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: